Бир күндө коронавирустан 1 адам каза болуп, 60 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирустан 1 адам каза болуп, 60 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирустан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн 1-сентябрдагы брифингде  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 

Анын айтуусуна караганда Бишкек шаарынын 1 тургуну коронавирустан каза тапты. 

Муну менен Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1060ка жетти. 

Мунун менен катар ,  өлкөдө 60 адамдан коронавирус  аныкталды

Алар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 13
Ош – 1
Чүй облусу – 2
Ош облусу — 7
Талас облусу — 3
Нарын облусу – 1
 Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 14
Баткен облусу – 16

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 43958ге жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  190 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан.   Муну менен сакайгандардын жалпы саны 38 649га жетти. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>