Бир күндө коронавирустан 1 адам каза болуп, 68 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирустан 1 адам каза болуп, 68 адамдан илдет табылды

Соңку суткада коронавирус илдетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрдагы брифингде  саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте 1 адам коронавирус илдетинен каза болгон.

Мындан сырткары бир күндө коронавирус 68 адамдан табылган:

Бишкек — 13
Чүй облусу – 4
Ош облусу — 11
Талас облусу — 7
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 8
Баткен облусу — 16

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44526га жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  198 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 4 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 40158ге жетти. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>