Кыргызстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирус илдетинен 19 бейтап көз жумганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
1-августка карта кайтыш болгондордун эң көбү Ысык-Көл облусунда катталган –төрт адам, Бишкек, Ош шаарларында жана Жалал-Абад облусунда үчтөн адам, Чүй жана Ош обулстарында экиден адам, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам өлгөн.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1 397 адамга жетти.