Коронавирустан бир күндө 2 адам каза тапты

Коронавирустан бир күндө 2 адам каза тапты

Бир күндө коронавирустан 2 адам каза болуп, 568 адамдан илдет табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

COVID-19 илдетинен каза болгондордун экөө тең Бишкек шаарынын тургуну болгон.

Ошондой эле бир күндө 568 кыргызстандыктан COVID-19 илдети табылган. 

“Бишкек шаарында 159 адамдан, Ош шаарында 29, Чүй облусунда 56, Ош облусунда 17, Талас облусунда 16, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 38, Жалал-Абад облусунда 120, Баткен облусунда 129 кишиден илдет табылды”, — деп айтылат штабдын маалыматында.

Муну менен аталган илдетке чалдыккан кыргызстандыктардын жалпы саны 56738ге жетти.

Мындан сырткары, соңку суткада 380 адам коронавирустан сакайып үйлөрүнө чыккан. Муну менен илдеттен айыккандардын саны 48 223тү түздү. 

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус илдетинен  1136 адам көз жумду.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>