Бир күндө коронавирустан 2 адам каза тапты

Бир күндө коронавирустан 2 адам каза тапты

Соңку суткада коронавирустан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда бир адам жана Бишкек шаарында бир адам илдеттен көз жумган. 

Ошондой эле бир күндө 384 адамдан коронавирус илдети табылган. 

“Бишкек  шаарында 42 адамдан, Ош шаарында 67, Чүй облусунда 27, Ош облусунда 52, Талас облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 57, Баткен облусунда 118 кишиден илдет табылды– деп билдиришти штабдан.

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 52910го жетти. 

Ошондой эле соңку суткада 276 адам илдеттен сакайган. Айыккандардын жалпы саны  46 139 адамды түздү. 

Ушул учурга чейин өлкөдө бул илдеттен баш аягы 1113 адам көз жумду. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>