Соңку суткада 4 адам коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
“COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда жалпы 4 адам. Алар Бишкек шаарында 3 адам жана Баткен облусунда 1 адам”, — деди Акматова.
Муну Менен Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1478 адамга жетти.