Бир күндө суудан 2 адамдын өлүгү табылды

Бир күндө суудан 2 адамдын өлүгү табылды

Кыргызстанда бир күндө суудан 2 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 4-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Нарын дарыясынын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу ӨКМга билдирүү түшкөн.  Жерине барган куткаруучулар маркумдун жансыз денесин чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ошондой эле соңку суткада Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы каналдардын биринен да аял кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар жерине барып, маркумдун жансыз денесин чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>