Site icon Reporter.kg

Бир катар маданият өкүлдөрүнө Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылды (тизме)

Кыргызстандын бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

2020-жыл үчүн Кыргызстандын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

«Саманчынын жолу» спектакли үчүн Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:

Сыдыгалиева Анарага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

Жанжигитов Данияр Тыныбековичке, актер — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.

Exit mobile version