Site icon Reporter.kg

Бир мандаттуу округ: Парламенттикке талапкерлигин көрсөткөндөр үчкө жетти

Дурсунов Атамша Латифовичтен Ысык-Ата №30 шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз бергени Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.

“Аалам” саясий партиясынын лидери Арсланбек Малиевден Жети-Өгүз №34 шайлоо округу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевден №33 Нарын шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү боюнча арыз жазышкан.

Бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерди каттоо 13-октябрда соңуна чыгат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот.

Exit mobile version