Site icon Reporter.kg

Бир нече райондук милициянын жетекчилери ротация болду

Ички иштер органдырынын жетекчилик курамдарында ротациялоо уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жумада бир нече райондук жана шаардык милициянын жетекчилери алмашкан:

«Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу,  алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version