Бир сутка ичинде жалпысынан 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, айыгып чыккан бейтаптардын төртөө
Бишкек шаарында, 8 бейтап Ош шаарында, 8 бейтап Жалал-Абад шаарында дарыланып жаткан.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.