Site icon Reporter.kg

Бир сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды

Бир сутка ичинде жалпысынан 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, айыгып чыккан бейтаптардын  төртөө

Бишкек шаарында, 8 бейтап Ош шаарында, 8 бейтап Жалал-Абад шаарында дарыланып жаткан.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Exit mobile version