Site icon Reporter.kg

Бир сутка ичинде 71 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды

Кырызстанда бир сутка ичинде ооруканадан 71 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оорудан айыгып чыккандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 55;
Жалал-Абад облусу – 11;
Нарын облусу – 2;
Баткен облусу – 3.

Республика боюнча жалпы 898 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Exit mobile version