Бир суткада 105 медикке коронавирус жукту, экөө каза болду

Бир суткада 105 медикке коронавирус жукту, экөө каза болду

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 105 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми эки медик бул оорудан улам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Алардын бири Айчүрөк Келдибекова Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери болгон. Экинчиси борбор калаадагы убактылуу стационарлардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенип жаткан Адинай Мурзабекова. Ал 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон.

Ошондой эле бир суткада алты ак халатчан ооруканадан айыгып чыккан

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1980 учур катталды. Алардын ичинен 576 медкызматкер оорудан айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>