Site icon Reporter.kg

Бир суткада 25 медиктен коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августтагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Илдет жуктуруп алган медиктер төмөнкү аймактарда:

Бишкек ш. – 2 Ош ш. – 8

Ош облусунда – 3

Жалал-Абад облусунда – 4

Ысык-Көл облусунда – 5

Чүй облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып, мындан сырткары үй карантининен 36 медициналык кызматкер сакайып чыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2854 учур катталды, алардын ичинен 1894 медкызматкер айыгып чыкты.

Exit mobile version