Site icon Reporter.kg

Бир суткада 556 кишиден COVID табылып, 4 адам каза болду

Соңку суткада коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алып, бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1130га жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгондор Баткен, Чүй, Ош облустарында жана Бишкек шаарында даарыланып жатышкан.

Ал эми бир суткада 556 киши коронавирус жуктуруп алса, 287 бейтап илдетти жеңип чыккан.

24-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 55 миң 144 болду. Ал эми 47 миң 337 адам айыгып чыккан.

Exit mobile version