Бир суткада пневмониядан 40, коронавирустан 6 адам көз жумду

Бир суткада пневмониядан 40, коронавирустан 6 адам көз жумду

Бир суткада COVID-19 жана пневмониядан 46 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соңку суткада пневмониядан 40 адам, COVID-19дан 6 адам каза болгон.

Коронавирус илдетинен каза тапкандар төмөнкү аймактарда:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 90 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 69 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 2 (эркектер – 49, 53 жашта);
Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аяял, 61 жашта).

Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетинен каза тапкандардын жалпы саны 122

Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 40 бейтап каза болду. Алардын ичинен 14 адам республика боюнча жана Бишкекте 26 адам.
жалпы каза болгондордун саны – 350 адам.

Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан көз жумгандардын саны жалпы 350гө  жетти. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>