Site icon Reporter.kg

Бир тууган карындашын көчөдө сабаган жаран кармалды

Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Дордой Моторс» базарына жакын жерде бир тууган карындашын сабаган адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Интернетке тарган видеодон кийин бул факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси “(Бейбаштык”) менен сотко чейинки өндүрүп башталып, милиция кызды урган адамды издей баштаган.

“Жабырлануучунун бир тууган агасы болгон шектүү 1995-жылы туулган. Чыр-чатак үй-бүлөөлүк маселеден улам келип чыккан. Кармалган адамдын айтымында, буга чейин алардын ортосунда мындай жаңжал чыккан эмес. 12-октябрь күнү жабырлануучу агасына карата арыз жазуудан баш тартып, ден соолугуна карата даттануусу жок экендигин билдирди”, – деп жазылат милициянын билдирүүсүндө.

Exit mobile version