Кыргызстанда бир жумада 18 миң 711 жол эреже бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди
Маалыматка караганда, аталган жол эреже бузуулар 30-октябрдан 5-ноябрга чейин аныкталган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 262;
- Мас абалында унаа айдагандар — 264;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 922;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 781;
- Автоээнбаштык — 4;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо — 3 миң 955;
- Унаасына жалган мамлекттик номер тагып алгандар — 3;- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 733;
Ошондой эле 1 миң 541 унаа айып короого токтотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз