Site icon Reporter.kg

Бир жумада өлкөдө 20 миң 858 жол эреже бузуу аныкталды

Кыргызстанда 2нен 8-сентябрга чейин 20 миң 858 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол эреже бузуу фактылары боюнча 2 миң 222 унаа айып короого коюлган.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

— Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 482;

— Мас абалында унаа айдоо – 249;

— Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 57;

— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 392;

— Унаа каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 157;

— Автоээнбаштык — 8;

— Ылдамдыкты ашырып айдоо – 4 миң 492;

— Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 1;

— Башка жол эрежелерин бузуулар – 12 миң 20;

Exit mobile version