Site icon Reporter.kg

Бир жумадан бери дайынсыз аялды издөөнү өкмөт өкүлү көзөмөлүнө алды

Баткенде бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 6 балалуу энени издөө иштерин, аймактагы ыйгарым укуктуу өкүл жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 23-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонованынын туугандары Жаныбек Жалаловго, издөө иштерине көмөк көрсөтүүсүн суранып кайрылышкан.

Ыйгарым укуктуу өкүл, учурда бардык тийиштүү органдар издөө иштерин жүргүзүп жатканын, Кыргызстандын бардык аймактарына жана коңшу Тажикстан, Өзбекстанга маалымат кат берилгенин айткан.

Ошондой эле Жалалов дайынсыз болуп жаткан аялдын издөө иштерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын айтып, бул багытта укук коргоо органдарын күчөтүлгөн тартипте издөө жүргүзүүсү тапшырмасын берген.

Дайынсыз болуп жаткан Аймактым Кожонованын 6 баласы бар.

 

 

 

Exit mobile version