Site icon Reporter.kg

Бир жылда кризистик борборлорго 675 эркек кайрылган

Бир жыл ичинде өлкөдөгү кризистик борборлор  10 миң 633 адамды кабыл алышкан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылга карата анализинде айтылат.

Кайрылгандардын 92 пайызы, же 9 миң  958и аялдар, 675и эркектер.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана башка маселелерге байланыштуу көбүнчө 18-34 жаштагы кыз-келиндер жардам сурашат. Ал эми 50дөн ашкан аялдар салыштырмалуу аз санда (2022-жылы – 978, 2021- жылы -773).

Маалыматка караганда, эркектер болсо жаш курагы ортолошкондо социалдык жактан аярлуу болуп калышат.

Кризистик борборлорго кайрылган эркектердин арасында 40-50 жаштагылар басымдуулук кылат. Мисалы, 2022-жылы 220 мырза үй-бүлөлүк зомбулуктан жардам сураган.

Мырзалар кризистик борборлордон көрө аксакалдар сотуна жана кайрымдуулук фонддоруна көбүрөк баш багышат. 2022-жылы бул мекемелерге 2 миң 400ү, ал эми кризистик борборго 675 эркек келип, анын 402и үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version