Site icon Reporter.kg

Бир жылда Кыргызстан калкы дээрлик 125 миң адамга көбөйдү

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2023-жылдын башындагы эсептөөлөр боюнча 7 миллион 37 миңден ашуун адамды түздү. Бул тууралуу 11-сентябрда Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Бул көрсөткүч 2022-жылдын башына салыштырмалуу дээрлик 125 миң адамга көбөйгөн. 2022-жылы калктын өсүү темпи бир аз өсүп, 2021-жылдагы 1,7%га каршы 1,8% түздү.

Калктын эң жогорку өсүш темпи Ош жана Бишкек шаарларында байкалган. Ош шаарында — 3%, Бишкек шаарында — 2,8% жана Баткен облусунда — 2%. Ысык-Көл жана Нарын облустарында калктын төмөнкү өсүш темпи белгиленген.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен калкынын саны азайбай, өсүп жаткан өлкөлөрдүн бири экенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version