Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алгандардын саны азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2023-жылы өлкөдө 83 миң 824 үй-бүлө аталган жөлөкпулду алган болсо, быйыл 66 миң 265 үй-бүлө алууда. Жөлөкпул алгандардын саны бир жылда 17 миң 559га азайган. Тактап айтканда, былтыр муктаж үй-бүлөлөрдөгү 284 миң 794 бала 1,4 миң сомдон алып келсе, учурда 231 миң 691 бала жөлөкпул алууда.
Белгилей кетсек, учурда өлкөдө «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөр үчүн «Социалдык келишим» программасы иштеп келет. Ага катышкандар 3 жылга жөлөкпул алуудан баш тартып, өз алдынча иш ачуу үчүн 100 миң сомдон алат.