Site icon Reporter.kg

Окко учкан фельдшер Нургазы менен чек арачы Бекмырза — сүрөт

Тажикстандын кол салуусунан улам окко учкан Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин арасында прапорщик Нургазы Мамытов жана чек арачы Бекмырза Шарабидин уулу да бар.

Нургазы Мамытов Баткен районундагы №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара заставасынын фельдшери болгон. Ал акыркы 6 жылдан бери жоокерлердин ден соолугуна кам көрүп, эмгектенип келген.

Нургазы Мамытов 1987-жылы Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында туулган. 16-сентябрь күнү Баткен районунун Үч-Дөбө айылында Тажикстандын кол салуусунан улам каза болгон. Ал жанында жүргөн аскерлердин өмүрүн сактоо үчүн барган.

Маркумдун артында жубайы жана төрт кызы калды.

Ал эми 16-сентябрда Лейлек районундагы «Кулунду» чек ара заставасында куралдуу кагылышта мерт кеткен Бекмырза Шарабидин уулунун сөөгү Ноокен районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жерге берилди.

Бекмырза Шарабидин уулу 1996-жылы туулган. 2015-жылы Улуттук гвардияда кызмат өтөп, кийин УКМКнын Чек ара кызматына которулган.

Ал 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында орун алган чырда да чек араны коргогон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 59 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул соңку маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Курман болгондордун көбү — Куралдуу күчтөрдүн катарында мекен үчүн кызмат кылган аскер кызматкерлери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version