Site icon Reporter.kg

Бириккен Араб Эмирлигинен 187 кыргызстандык учуп келди

Бириккен Араб Эмирлигинен 187 кыргызстандык өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

«Fly Dubai» авиакомпаниясынын учагы менен Дубай-Бишкек каттамы боюнча учуп келгендердин арасында балдар да бар.

Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыккан.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жиберилген.

Exit mobile version