Site icon Reporter.kg

«Биримдик» №1. Талапкер Айнура Осмонова: Аткезчиликти жоюп, кѳмүскѳ экономиканы ачыкка чыгаруу – бүгүнкү күндүн талабы

Бул тууралуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айнура Осмонова ЖТР телеканалындагы дебат учурунда айтты.

Ѳз сѳзүндѳ баса белгилегендей, учурда экономиканы ѳнүктүрүп, элдин турмушун жакшыртуу мезгилдин талабы болуп турат. Ал үчүн эмне кылуу керек? Бюджеттин каражатын максаттуу жумшап, аткезчиликти жоюп, кѳмүскѳ экономиканы ачыкка чыгарып, коррупциялык кѳрүнүштѳргѳ бѳгѳт коюп, жаңы жумуш орундарын түзүү зарыл. Ошондо гана бюджеттин киреше бѳлүгү кѳбѳйүп, ачык-айкын, максаттуу жумшала баштаганда  жашоо шартты жакшыртууга шарт түзүлѳт.

Ошону менен бирге талапкер ЖК депутаты катары кылган иштерине токтолуп, «Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ» мыйзам долбооруна ѳзгѳртүүлѳр киргизилип, анын натыйжасында жѳлѳк пулдардын жаңы түрлѳрү бериле баштаганын, ѳлчѳмдѳрү кѳбѳйтүлгѳнүн, социалдык камкордукка алуу саясатында жылыштар болгонун белгиледи.

Ошондой эле Айнура Осмонова  ЖК депутаты кандай болушу керектиги жѳнүндѳ сѳз кылып, депутат  сын айтып, кооз сүйлѳп эле тим болбостон ошол кѳйгѳйдү чечүүнүн жолдорун айтып, сунуштарын бере билиши керектигин айтты.

«Биримдик» партиясы менен шайлоого  катышып жаткандыгынын себебин тѳмѳнкүчѳ түшүндүрдү: «Бул партияда кесипкѳй, мамлекетчил инсандар чогулган. Алар менен  максаттарым тѳп келет. Келечекте  кыргыз элинин жашоосун, мамлекеттик башкаруу системасын оңдойбуз деген максаттарды койгонбуз. Менин максатым – элдин жашоосун оңдоого салымымды кошсом деген ниет менен шайлоого катышып жатам», — деди.

Cоңунда шайлоочуларга кайрылып, добуштарды сатпоого, татыктуу, эл үчүн иштей турган инсандарга добуш берүүгѳ чакырды. Биримдик менен гана  келечегибизди кура алабыз!

 

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 25.09.2020. 

 

Exit mobile version