Биримдик» №1. Талапкер Эмилбек Жусупов: Мекендештеримдин мекенине кайтып келүүсү үчүн кызмат кылам!

Биримдик» №1. Талапкер Эмилбек Жусупов: Мекендештеримдин мекенине кайтып келүүсү үчүн кызмат кылам!

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясынын талапкерлери — Махабат Мавлянова, Эмилбек Джусупов жана Тариел Каримов туулуп өскөн жерине, тагыраагы, Кулатов айылынын жашоочулары менен жолугушуп, депутаттыкка аттануудагы максаттары тууралуу айтып беришти.

Ѳз сѳзүндѳ жаш талапкерлердин бири Эмилбек Джусупов: “Мен Жогорку Кеңешке «Биримдик» менен бирге аттандым, себеби, элимдин эртеңине кам көрүү! Мен колумдан келбей турган көп нерсени убадалабайм, бирок, элим үчүн ак, так кызмат кылуу ниетим бар ”, – деп билдирди.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңешке чет ѳлкѳдѳ жашап, иштеп жүргѳн жүз миңдеген мекендештерибиз ѳздѳрүнүн туулган жерине, элине келип, ата-энелеринин, жакындарынын жанында жашашып, иштешсе деген аруу максат, тилек менен аттанып жаткандыгын айтты.

Жогорку Кеңешке эл, жер үчүн кызмат кылуу ниети менен бараткан жаш талапкерди Кулатов айылынын жашоочулары колдоого алышып, жылуу сѳздѳрүн айтышты. Айылдын аксакалы ѳзүнүн батасын берип, «Ушул айылдан чыккан атактуу Тѳрѳбай Кулатов 30 жашында эл башында турган. Сен да келерки жылы 30га чыгат экенсиң. Сен дагы Тѳрѳбай Кулатовдой чыгаан инсан болоруңа ишенебиз», — деп айылдын элин жаш талапкер үчүн добуш берүүгѳ чакырып ѳттү.

[su_image_carousel source=»media: 41351,41350,41348″ crop=»none» autoplay=»4″]

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 21-сентябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>