Бүгүн, 1-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карады.
Анын жыйынтыгы менен Марат Аманкуловдун депуттык мандаты алынган.
Белгилей кетсек, Марат Аманкулов өткөн парламенттик шайлоодо бийликке таандык делген “Биримдик” партиясын жетектеп катышкан. Октябрдагы башаламандыктардан кийин партиядан чыкканын кабарлаган.
Кийин УКМК ага карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.