Site icon Reporter.kg

Биринчи айым Айгүл Жапарова Энелер күнүнө арналган иш чарада

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Клиникалык төрөт үйүндө Энелер күнүнө карата иш-чара өттү.

Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышып, энелерди куттукташты. Өз сөзүндө Айгүл Жапарова балдар үчүн энелердин орду бийик экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында, ачык эшик күнү өткөрүлүп, аялдардын репродуктивдүү ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында, коопсуз эне болуу тууралуу маалыматтар берилип, саламатыгы текшерилди.

Exit mobile version