Site icon Reporter.kg

Биринчи класска барууга 126 миң 578 бала каттоодон өттү

www.mektep.edu.gov.kg  балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына 126 миң 578 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110  катталды.

Учурда 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.

Балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.

Exit mobile version