Site icon Reporter.kg

Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы жүрүүдө

Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи этабында мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version