Site icon Reporter.kg

Биринчи күнү «Ак Босогодо» суу өчүрүлөт

Бишкектин «Ак Босого» конушунда 25-февралда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Суу мектеп, үй, бала бакча, оорукана жана башка объекттерде саат 09:00дон 15:00го чейин жок болот.

Өчүрүү району: «Ак Босого» конушу

Таза суу «Ак Босого-1» , «Ак Босого-2» суу кампаларында жана шаардык суу түтүк түйүндөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Exit mobile version