Биринчи Май райондук сотто Текебаев менен Чотоновдун иши качан каралары белгилүү болду

Биринчи Май райондук сотто Текебаев менен Чотоновдун иши  качан каралары белгилүү болду

Бишкектин Биринчи май райондук соту абакта жаткан саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо 29 –августка белгиленди. Бул тууралуу Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранып жактоочулар сотко кайрылышты.

Токтакунованын айтуусунда, арызда Текебаевди өлкөдөн тышка чыкпоо жөнүндө тилкат менен абактан бошотууну суранган.

«Текебаев чыгып калса энеси менен учурашууга мүмкүнчүлүк алышы керек», — деди ал.

Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн. Мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган.

Анда “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова негизги күбө – Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>