Биринчи май райондук соту Атамбаевдин бөгөт чарасын узартууну кароодо

Биринчи май райондук соту Атамбаевдин бөгөт чарасын узартууну кароодо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу боюнча  маселе каралууда.

Адвокат Замир Жоошев билдиргендей, ишти Биринчи май райондук соту тргөөнүн арызынын негизинде карап жатат.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Атамбаевди 26-авгутска чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камоо чечимин чыгарган.

Атамбаевдин адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен шаардык сотко кайрылган, бирок шаарлдык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң колго түшүп УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>