Биринчи май райондук соту Жеңиш Разаковду сотко бергендердин арызын кайтарып берди

Биринчи май райондук соту Жеңиш Разаковду сотко бергендердин арызын кайтарып берди

Бишкектин Биринчи май райондук соту вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко берген доогорлердин арызын кайтарып берди.

Райондук соттун басма сөз кызматы жиберген маалыматта, доогерлердин арызында талап кылынган документтердин жетишсиздиги арызды кайтарууга себеп болгондугу жазылат.

“Тактап айтканда иш материалдарына мамлекеттик алымды төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, доогерлердин паспортторунун көчүрмөсү жана далил катары көрсөткөн массалык маалымат каражаттарында жана социалдык сайттарда жарыяланган макаланын түп нускасы же тиешелүү, талаптагыдай формада күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелүүсү зарыл”, — деп жазылат маалыматта.

Жарандык активист Самат Алиев жана журналист Канышай Мамыркулова вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөрүлгөн митингди “акчага  уюштурулган” деп айтканы үчүн сотко берип, ар бири 5 млн сомдон талап кылышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>