Биринчи май райондук сотунун алдында Атамбаевге каршы митинг өтүүдө

Биринчи май райондук сотунун алдында Атамбаевге каршы митинг өтүүдө

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте Биринчи май райондук соттун жанында мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат. Аталган митингге учурда 30га жакын адам келди.

Митингге чыккандар колдоруна «Атамбаев камалсын», «Жертвы Атамбаева», «Атамбаев канкор», «Биз колхоз эмеспиз, биз элбиз» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Ошондой эле алар экс-президент Атамбаевди буга чейин кылган кылмыштары үчүн жазалансын деген талаптарын коюшууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи май райондук сотто Кой-Таш окуясын иликтөө иши уланат.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында Ички иштер министрлигинин атайын операциясы менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>