Site icon Reporter.kg

“Биринчи Радиодо” диктордун ордуна жаңылыктарды жасалма интеллект окуйт (видео)

“Биринчи Радиодо” жасалма интеллект кыргыз тилинде жаңылыктарды окуп баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү IT адистери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте санариптик акылды кыргыз тилинде сүйлөтүштү.

“Кыргызстандагы мыкты дикторлордун үнүн бириктирип, “Биринчи Радионун” эфиринде жасалма интеллектти сүйлөттүк. Эч ким маалыматты ал окуп жатканын байкаган жок”, — Акылбе Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version