Бишкектин 147 жылдыгына карата Сардарбек Жумалиевдин “Бишкеким” ыры оригиналдуу джаз котормосунда Юрий Погиба, Игорь Иванушкин жана Эдуард Лаубингерден турган россиялык трио аткарды.
Бишкектеги “Русский Домдун” басма сөз кызматы билдиргендей, коомчулук «Бишкеким» ырын түз ободо жаздын башында – Россиянын Эмгек сиңирген артисти Нина Шацкаянын «Тоскоолдуктарсыз маданият» долбоорунун алкагындагы жеке концертинде угушкан.
Эскерте кетсек, “Бишкегимдин” сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Сардарбек Жумалиевге таандык. 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында бул ыр борбор калаанын гимни болуп расмий түрдө бекитилген.