Site icon Reporter.kg

Бишкек: 19 жаштагы жигитти тапанча менен коркутуп, тоноп кетти

Милициянын кайгуул кызматынан кызматкерлери каракчылыкка шектелген 4 кишини кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 23-ноябрда түн ортосунда 19 жаштагы баланы  Бишкектин «Ата Түрк» сейил багынан кимдир бирөөлөр тапанча такап, 14 миң сомдук чөнтөк телефонун тартып алып, качып кеткен. Милицияга кабар жеткенден кийин издөө иштери башталып, Кылмышка шектелип, 17 жаштагы 3 өспүрүм жана 20 жаштагы бир жигит кармалган.

Окуя  болжол менен саат 02:00 чамасында болгон.

Бул факты Октябрь райондук милиция тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Exit mobile version