Site icon Reporter.kg

Бишкек: 4-кабаттан аял кулап кетти

Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүнүн №37 үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатында орнотулган бастырмага аял кулап кеткен. Болжол менен 25-30 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда).

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Абалы канаттандыраарлык, колунан жаракат алган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Exit mobile version