Site icon Reporter.kg

Бишкек: Абдымомунов көчөсү ремонттон кийин ачылды

Абдымомунов көчөсү менен Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жол куруу иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдолгон жолдун жалпы узундугу 620 метрди түзөт. Реконструкциядан кийин жолдун туурасы 8 метр, тротуардын туурасы 1,5 метрден 3 метрге чейин жетет.

Учурда жетекчилик борбор калаанын 22 көчөсүндө курулуш иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Exit mobile version