Site icon Reporter.kg

Бишкек: Ала-Арча дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү — видео

Бишкек шаарын аралап өткөн Ала-Арча суусунун нугунда муз тоңуп, дарыянын дэңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2 экскаватор, 2 жүк ташуучу унаа тартылып, шаардык мэрия менен биргеликте дарыянын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусуповдун айтымында, тазалоо иштери күнү-түнү тынымсыз уланууда. Учурда суу каптоо коркунучу жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version