Бишкек – Астана багыты боюнча түз аба каттам 16-июндан тартып жанданды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.
Аба каттамды казакстандык FlyArystan авиакомпаниясы Airbus A320 учагы менен аткарууда. Каттам жумасына 2 жолу — шейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт.
«Манас» аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.