Site icon Reporter.kg

Бишкек: Автобус мектеп окуучусун сүзүп кетти (видео)

Бишкек шаарында Киев – Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен автобус айдоочусу жөө кишилер өтүүчү сызыктан өтүп бара жаткан өспүрүмдү сүзүп кетти. Бул окуяны чагылдырган видеону Бишкек шаардык тез жардам кызматынын социалдык түйүнүндөгү расмий эмес баракчасына жарыяланды.

Андагы видеодо окуучу автобус келе жатканда анын алдына чыга калганы, автобустун айдоочусу токтотууга үлгүрбөй калганын көрүүгө болот.

Азырынча окуя качан болгону жана  баланын абалы боюнча так маалымат жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version