Бишкек: Аял киши коомдук жайдан ур-тепкиге алынды (ВИДЕО)

«Дордой Плаза» соода түйүнүнөн эркек киши аял кишини уруп жаткан видео социалдык тармактарга тарады. Айрым маалыматтарга караганда, 8-ноябрь, бүгүн саат 13:50 чамасында окуя болгон. Видеодо көргөндөй, башына сүзүп, андан соң башка көзгө ургулап, артынан калбай бир топко чейин сабаган. Ушул тапта милиция бул туурасында маалыматты ачыктай элек.