Бишкектеги соода борборунун унаа токтотуучу жайында аялды сабаган адам анын күйөөсү болуп чыкты. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
«Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Алар жубайлар экени белгилүү болду. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет»,-деп билдирди милициядан.