Site icon Reporter.kg

Бишкек — Баку аба каттамы ачылат

15-июлдан тарта “Азербайжан аба жолдору” (AZAL) Бишкек-Баку багыты боюнча жумасына бир жолу түз каттамдарды аткарат. Бул тууралуу азербайжандык басылмалар авиакомпанияга таянып жазышты.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына бир жолу аткарылат. Бишкек-Баку аба каттамы биринчи жолу ишке ашканы турат.

Авиакомпания Баку-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдын ачылышы жүргүнчүлөрдүн Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы саякат жана иш сапарларына мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, ошондой эле Бакунун транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

“AZAL” авиакаттамдарына билеттерди www.azal.az расмий сайтынан, ошондой эле авиакомпаниянын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version