Site icon Reporter.kg

Бишкек-Балыкчы темир жолунда дагы эки VIP-вагон ишке берилди

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкек-Балыкчы-Бишкек багытындагы темир жолдо дагы эки жаңыланган VIP-вагонун пайдаланууга берилгенин маалымдады.

Бул жаңы VIP вагондор ишкананын комиссиясы тарабынан сыноодон өткөрүлгөн.

Вагондор мурдагы моделдердин концепциясын улантып, заманбап технология менен улуттук стилди айкалыштырган. VIP вагондор тарыхый-маданий мурастары чагылдырылган кереге, салттуу оймо-чиймелер, петроглифтери бар паннолор жана чырактар менен жасалгаланган. Ошондой эле төмөнкү ыңгайлуулуктарга ээ:

Ишкана Бишкек – Балыкчы каттамында шарттары жакшыртылган жалпы 6 вагон жүрөрүн билдирди.

Exit mobile version