Site icon Reporter.kg

Бишкек – Баткен аба каттамы кайрадан жанданды

Бишкек – Баткен — Бишкек аба каттамы кайрадан жанданды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрдан тарта Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар кайрадан ишке кирди. Өлкөдө коронавирус илдети жайылып, эпидемиологиялык кырдаал башталгандыгына байланыштуу ички каттамдар 25-марттан баштап убактылуу токтотулган болчу. Эми кайрадан жанданып, алгачкы каттамда Бишкектен Баткенге 94 жаран учуп келсе, Баткенден борборго 86 жаран учуп кетти.

“Учурда Баткен-Бишкек аба каттамы боюнча билеттер 3500сомдон 4200сомго чейин сатылып жатат. Каттамдар жумасына бир жолу — шейшемби күнү жүргүзүлөт.

Каттамдар «Тез Жет» авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

[su_image_carousel source=»media: 41024,41023,41022,41021″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version